Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:09

Орусияда 19 миң адам коопсуз жерге көчүрүлдү


Орусия бийликтери Ыраакы Чыгыштагы суу каптоодон улам Амур, Хабаровск жана Еврей автономиялык облусунан 19 миңден ашуун адамды шашылыш коопсуз жерлерге көчүрдү. 60 миң киши жашаган Хабаровск шаарында Амур дарыясынын деңгээли тарыхый чегине жетти, жамгыр болсо дагы эле жаап жатат.

Орусиянын айыл чарба министрлиги аймактагы айдоо аянттарынын жарымынан ашыгын суу жууп кеткенин кабарлады. Дүйшөмбүдө Амур облусунун губернатору Олег Кожемяко суу каптоо кесепетинен 500 километрге жакын жол жана бир нече көпүрө керектен чыгып, 38 айыл-кыштак борбор менен байланышсыз калганын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG