Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:19

Ошто шайлоо жыйынтыгына нааразылар митинг өткөрөт


Бүгүн Ош шаарында Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялардын өкүлдөрү митинг өткөрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргыз Ата” партиясынын лидери Төлөгөн Келдибаев билдирди.

Анын айтымында, жекшембиде өткөн шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолуп, кылмыш топтор аралашты. Мындан улам “Кыргыз Ата” партиясы митингде шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылат. Ошондой эле шайлоону мыйзам чегинде уюштура албаган Кара-Суу райондук, шаардык бийлик башчыларын кызматтан кетирүү маселеси да көтөрмөкчү.

18-августта Кара-Суу шаардык кеңешине мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү. Анын жүрүшүндө Социал-демократтар партиясынын өкүлдөрү менен “Өнүгүү” партиясынын мүчөлөрү ортосунда чатак чыгып, ок атылган. Чатактан 3 адам жабыркап, бирөө ооруканада. Милиция окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, ок атты, бычак сайды делген эки кишини камакка алды.

Шайлоонун алгачкы жыйынтыктары боюнча 50 пайыздан ашык добуш топтоп, КСДП партиясы алдыда келатат. Кийинки орундарды “Өнүгүү” жана “Бир бол” партиялары ээлөөдө. Учурда добуштар толук саналууда. Арыз-даттануулар үч күн ичинде каралып, толук жыйынтык ошондо чыгарылат.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG