Бүгүн өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Тажикстанга расмий иш сапары менен барат. Өкмөт башчынын маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун “Азаттыкка” билдиришинче, Сатыбалдиев Тажикстандын президенти Эмамоли Рахмон жана премьер-министри Акил Акилов менен жолугушат. Анда негизинен кыргыз-тажик чек ара кызматташтыгы талкууланаары күтүлүүдө. Муну менен катар премьер-министр Дүйшөмбү шаарында өтө турган аймактык суу маселесине арналган конференцияга да катышат.(BkA)