Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

БУУ эксперттери Сирияда ишин баштады


БУУ баш катчысы Пан Ги Мун Сирияга кеткен эксперттер химиялык курал колдонду делген аймактарды толугу менен текшерүүгө чакырды. Бир нече айга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин БУУ эксперттери жекшембиде Сирияга келип, дүйшөмбүдөн тарта ишин баштаган. Алар химиялык курал колдонулду делген үч аймакты текшеришет. Буга чейин козголоңчулар өкмөттү, өкмөт болсо козголоңчуларды химиялык курал колдонгону боюнча күнөөлөп келет. Ошондой эле Пан Ги Мун эгер Сирияда химиялык курал колдонулганы тастыкталса, эл аралык кылмыш деп тааныларын тастыктады.

XS
SM
MD
LG