Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:54

Бишкекте Орусиянын миграция саясатына каршы акция өтөт


Бүгүнкү Орусиянын Бишкектеги элчилиги алдындагы акцияны укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров өткөрөт. Анын айтымында, Орусияда акыркы апталарда жүрүп жаткан рейддер адам укуктарын бузуу менен коштолууда. Токтонасыров буга каршы чыккан орусиялык укук коргоочуларга тилектештик билдирип, акцияда орус бийликтерин мигранттарга карата мындай саясатты токтотууга чакырат. Укук коргоочу дал ушундай акцияны өткөн аптада да уюштурган.

27-июлда Москванын Матвеевск базарында полицияга кол салуу болгондон бери орус бийлиги мигранттарга мамилесин катаалдатып, бир нече жолу рейд жүргүзгөн. Мыйзамсыз жүргөн келгиндер мекенине депортация болгонго чейин атайын чатыр лагерлерде кармалып турушат. Алардын катарында кыргызстандык төрт жаран да кармалып, чатыр лагерде бир нече күн жашагандан кийин Москва шаардык ИИБнын чет элдиктерди убактылуу кармоочу борборуна которулган.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG