Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:25

Токтонасыров орус элчилигинин астында акция өткөрүүдө


Укук коргоочу бүгүн Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына “Мигранттар үчүн лагер ачуу - бул фашизмдин белгиси”, “Мигрант - бул эмгекчил адам, ал кылмышкер эмес”, “Орусиялык укук коргоочулар, биз сиздерди колдойбуз” деген плакаттарды көтөрүп чыкты. Өндүрүш Токтонасыровдун айтымында, Орусиянын мигранттарга карата мамилеси адам укугунун бузулушуна шарт түзүүдө.

Токтонасыров Орусиянын азыркы миграция саясатына каршылык билдирип, Москвада жана Санкт-Петербургда акцияларды өткөргөн орус укук коргоочуларын колдоорун маалымдады. Ал өткөн аптада дагы ушундай акцияга чыккан болчу.

27-июлда Москванын Матвеевск базарында полицияга кол салуу болгондон кийин орус бийлиги мигранттарга мамилесин катаалдантып, бир катар рейддерди жүргүзгөн. Мыйзамсыз жүргөн келгиндер үчүн мекенине депортация болгонго чейин атайын чатыр лагерлер уюштурулган. Алар жерде кармалган кыргызстандык төрт жаран бир нече күндөн кийин Москва шаардык ИИБнын чет элдиктерди убактылуу кармоочу борборуна которулган.(AzK)

XS
SM
MD
LG