Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

Садыр Жапаров: БШК бизди чакырган жок


Сот тарабынан айыпталып, бүгүн мандаты алынган “Ата-Журттун” үч депутатынын бири Садыр Жапаров БШКнын бүгүнкү чечимин саясий бүтүм деп баалады. Ал Жогорку Сот менен БШК Ак үйдүн тапшырмасын аткарды деп эсептейт.

Садыр Жапаров БШК тарабынан чакырылбагандыктын, бүгүнкү жыйынга үч депутат тең катышпай калганын билдирди.

Бүгүн БШК Жогорку Соттун чечиминин негизинде “атажуртчу” үч депутатты – Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талат Мамытовду депутаттык мандатынан ажыратты. (AzK)

XS
SM
MD
LG