Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:36

Исфарада белгисиздер тажик үй-бүлөсүн атып кетишти


Өткөн түнү саат 1.30 чамасында Тажикстандын Исфара районуна караштуу Чорку айылдык кеңешинде белгисиз топ Абдукахор Халлоков аттуу тургундун үй-бүлөсүн атып кеткен. Өлгөндөр арасында Халлоковдун жашы жете элек эки небереси да бар. Атылган Абдукахор Халлоков Кыргызстан менен чектеш «Участка -5» деген жерде жашаганы белгилүү болду.

“Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын тажик кызматына Баткендеги тажик өкүлчүлүгү бул маалыматты тастыктады. Учурда укук коргоо органдары тарабынан окуя иликтенүүдө.

Исфара шаарынын төрагасы Рахмонали Амиров иликтөөгө эки тарап - Кыргызстан жана Тажикстан катышып жатканын айтты, бирок кыргызстандык укук коргоо органдары эмне себептен катышып жатканын тактаган жок. Кыргыз тарап азырынча бул маалыматты тактай элек. Амировдун айтымында, ооруканага маркумдун тирүү калган жубайы жана кенже кызы түшкөн, алар көрсөтмө бериши мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG