Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

Мандаты алынган “атажуртчу” депутаттардын ордуна ким келери белгисиз



Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Мурзабек Аргынбаев "Азаттыкка" билдирди.

Аргынбаевдин айтымында, “Ата-Журт” партиясынын мандаты алынган үч депутатынын ордуна тизме боюнча кимдер келээри азырынча анык эмес.

“Айтууга эрте. Анткени кийинкилердин арасында тизмеден чыгуу боюнча арыз бергендери бар. Алардын арасында “арызды менсиз карабагыла” дегендери бар. Алардын баары такталып каралган соң, белгилүү болот. Ошондуктан азыр бир нерсе айтуу кыйын",-деди Аргынбаев.

Бүгүн БШК Жогорку Соттун чечиминин негизинде “атажуртчу” үч депутатты мандатынан ажыраткан. (AzK)

XS
SM
MD
LG