Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Азия оюндарында кыргыз спортчусу финалдык топко кошулду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Азия оюндары өтүп жаткан Кытайдын Нанкин шаарынан кыргыз делегациясынын басма сөз катчысы Жанар Кабыл кызы билдирди.

Бүгүн жеңил атлетика боюнча спортчу Ксения Прокопьева 400 метр аралыкка чуркоодо үчүнчү орунда келип, финалдык топко кошулду. Ал бүгүн Азиянын 45 өлкөсүнөн тандалган 8 спортчунун катарында байгелүү орунга жарышка чыгат.

Сууга сүзүү боюнча спортчу Станислав Карнаухов 200 метрге эркин сүзүүдө 12-орунда келип, финалдык топко кошулбай калды. Эми ал 50 жана 100 метрлик аралыкка сүзүү жарышына катыша алат.

Кытайдын Нанкин шаарында 14-августта башталган Азия оюндары 25-августта жыйынтыкталат. Таймаштарга кыргызстандык 14 спортчу катышууда. (AzK/KMa)

XS
SM
MD
LG