Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Талап-тоноочулук боюнча дагы эки адам айыпталды


2010-жылдагы апрель окуяларында талап-тоноочулук боюнча тергөөдө дагы эки адамга айып тагылып, камалды. Бул тууралуу ишти тергеп жаткан мекемелер аралык тергөө тобунун жетекчиси Асылбек Чекиров “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, талап-тоноочулук боюнча буга чейин Абдулла Юсупов, Азамат Шергазиев, Дастан Оморов жана Абдували Акжоловго айып тагылган болчу. Тергөө жүрүшүндө дагы эки адамга айып тагылып, иши сотко жөнөтүлдү. Алардын ким экенин Чекиров атоодон баш тартты.

Тергөө тобу талап-тоноочулук боюнча доого калган “Ата Мекен” фракциясынын депутаттарынын көрсөтмө бергенин, анда карама-каршы маалыматтар айтылганын билдирип чыкты. Бирок Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков муну четке кагып, каралоо акциясы катары баалап жатат.

Мурунку ички иштер министри, жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевдин жаңы жүйөлөрүнө байланыштуу май айында Башкы прокуратура 2010-жылы апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча кылмыш ишти кайра жандандырган. Мекемелер аралык тергөө тобуна 20-августка чейин “Ата Мекен” партиясынын айрым депутаттарынын мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-мүлкүн талап-тоноого тиешеси бар же жоктугун иликтөө тапшырылган болчу. (BkA\EBM)

XS
SM
MD
LG