Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:52

Кызыл чырым уюмунун башчысы Түндүк Кореяга барды


Эл аралык Кызыл чырым уюмунун башчысы акыркы 21 жылдан бери биринчи жолу Түндүк Кореянын борбору Пхеньянга барды.

Петер Маурер корей бийликтери менен согуш учурунда эки өлкөдө калып калган үй-бүлөлөрдү жолуктурдан тартып бир катар гуманитардык маселелерди да талкууламакчы. Үч күн Пхеньянда турган соң Маурердин Түштүк Кореяга сапары башталат.

Корей согушунун учурунда 72 миңге жакын үй-бүлө эки мамлекетке бөлүнүп, бири-бирин көрө албай келишет. Алардын жарымынан көбү улгайып, жашы 80ден өтүп калды. Алар акыркы жолу 1950-53-жылдары туугандары менен жолуккан. Түндүк Кореяда атайын программага ылайык, жыл сайын жүздөгөн үй-бүлөлөр жакындарын көрүп турчу. Бирок 2010-жылдан тарта бул программа токтогон.

XS
SM
MD
LG