Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:45

Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр аяктоо алдында


Бул туурасында Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысынын орун басары Акылбек Маралбаев билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүлөр биргелешкен ишкана түзүү негизинде жүрүп жатат.

“Центерра Голд” компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн эки тараптуу сүйлөшүүсү 17-августта башталган. Буга чейин өкмөт башчы “Кумтөр Оперейтинг” жана “Кумтөр Голд” компанияларын бириктирип бир ишкана түзүү, “Центерра голддун” директорлор кеңешине эки тараптан теңме-тең мүчөлөрдү дайындоо боюнча макулдашылганын билдирген болчу.

Жогорку Кеңеш жазында Кумтөр кениндеги абалды талкуулагандан кийин "Центерра голд инк.” компаниясы менен сүйлөшүү үчүн кыргыз өкмөтүнө үч ай берген. Кийин бул мөөнөт күзгө чейин узартылган.

Кендин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия - 2009-жылы “Центерра” менен өкмөт ортосунда түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келет деген тыянак менен аны бузууну сунуштаган болчу.(АzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG