Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Аскер соту Цигельниковдун баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок


Бул туурасында “Азаттыкка” Аскер жана тартип сактоо кызматкерлеринин укуктарын коргоо комитетинин төрагасы Алымбек Ниязов билдирди. Анын айтымында, 7-апрель окуясы боюнча соттолуучу Сергей Цигельников мурдагыдай эле үй камагында калды.

17-июлда апрель окуясы боюнча сотто жаңжал чыгып, он аскер кызматкери жабыркаган. Чыр соттолуучу Сергей Цигельников залда отурган жабыркагандарга колу менен кемсинтүүчү белги жасагандыктан чыкканы айтылган. “Мекен шейиттери”уюмунун төрагасы Осунбек Жамансариев "соттолуучу Сергей Цигельников сот залында жаңжалдын чыгышына себеп болду, жабыркагандарды мазактады", - деп Бишкек гарнизондук сотуна анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка алууну өтүнгөн. Бишкек гарнизондук сот буга далил жок экенин, Цигельников убагында сотко катышып жатканын айтып, өтүнүчтү канааттандырган эмес. Мындан улам “Мекен шейиттери” кийинки инстанциядагы Аскер сотуна кайрылган болчу.(AzK)

XS
SM
MD
LG