Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

Грузияда тажик оппозиционери Додожон Атовуллоев бошотулду


Додожон Атовуллоев
Додожон Атовуллоев
Тбилисинин аэропортунда шейшембиде кармалган Атовуллоев саясий качкын макамын алган Германияга кайтып барганын бүгүн “Азаттыктын” тажик редакциясына телефон аркылуу билдирди. Анын айтымында, “Тажикстандын бийликтери тероризм жана экстремизм үчүн айыптап, ага издөө жарыялашканы” Тбилисинин расмийлери билдирген.

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму Атовуллоевди тажик бийликтери саясий себептерден улам издеп жатышканын айтып, грузин бийликтерин оппозиционерди тезинен бошотууга чакырган.

Додожон Атовуллоев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана анын үй-бүлөсү жөнүндө сын макалалары менен кеңири таанылган. Өткөн айда аны орус бийликтери “Шереметьево” аэропортунда кармашкан эле.

XS
SM
MD
LG