Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:44

Беларус Жогорку Соту оппозициялык топту каттабоо чечимин колдоду


“Жаш Демократтар” деп аталган саясий топтун өкүлдөрү өздөрүнүн доо арызы боюнча бүгүн терс жооп алышканын кабарлашты. “Жаш Демократтар” - өлкөдө 1995-жылдан бери иштеп келаткан Бириккен Жарандык партиянын жаштар канаты.

Мамлекеттин Юстиция министрлиги эки ай мурун аларды “берген документтери каталар менен толтурулган” деп каттабай койгон. Бүгүн Беларус Жогорку Соту ал чечимди колдоду.

Бириккен Жарандык партия болсо шайлоолорго катышып жүргөнү менен, парламентте бир да орунга ээ эмес. Өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенкону адам укугун коргоочу жергиликтүү жана эл аралык уюмдар авторитардык башкаруу мүнөзү үчүн сындап жүрүшөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG