Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Сирия оппозициясы: химиялык чабуулдан 1300 адам өлдү


Дамасктын четиндеги Сакба районунда бул бала, активисттердин айтымында, химиялык куралдан ууланган. Аны жасалма дем алдырууга аракет кылышууда, 21-август, 2013
Дамасктын четиндеги Сакба районунда бул бала, активисттердин айтымында, химиялык куралдан ууланган. Аны жасалма дем алдырууга аракет кылышууда, 21-август, 2013
Сирияда оппозиция өкмөттүк аскерлердин бүгүнкү химиялык курал колдонулган чабуулунан баш калаа Дамасктын айланасында өлгөндөрдүн саны 1300гө жеткенин айтты. Сириянын Улуттук Коалициясы деп аталган оппозициялык топ бүгүн Стамбулдагы маалымат жыйынында чабуулду өлкөдөгү жарандык согуштун “бурулуш учуру” деп атады.

Коалициянын мүчөсү Жорж Сабра бул жолку чабуулду “террор эмес, элди бүтүндөй кыруу” деп атады. Ал арада Сирия өкмөтү менен армиясы оппозиция ээлеген жерлерде химиялык курал колдонгонун четке кагып, муну жалган деп жатат.

Интернетке коюлган видео тасмаларда эч кандай жаракаттын белгилери жок эле өлгөн адамдардын жасаттары көрүнөт. Оппозиция өлкөгө жекшембиде келген инспекторлорду бүгүн чабуул болгон жерлерди да текшерүүгө чакырды. Франция менен Түркия да бул чакырыкты колдошту.

XS
SM
MD
LG