Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:31

Хосни Мубарак үй камагына чыгат


Египеттин мурдагы президенти Хосни Мубарак бүгүн үй камагына чыгат. Шаршембиде Каирдин соту мурдагы президентти мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечимин кабыл алган. Мындай чечим Мубаракка коррупция боюнча тагылган үч айып алынып салган соң мүмкүн болду.

85 жаштагы Хосни Мубарак 2011-жылы ыңкылапта жүздөгөн элдин өлүмүнө айыптуу деп табылып, өмүр бою түрмөгө кесилген. Быйыл жыл башында анын адвокаттары иштин кайра каралышына жетишкен болчу. Бирок бул окуялардагы айрым айыптар боюнча Мубарактын үстүнөн кайрадан тергөө жүрүп жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG