Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

Posco компанияcы “Кристалл” заводун сатып алуудан баш тартты


Түштүк Кореялык Posco компаниясы Жалал-Абаддагы кремний иштетүүчү “Кристалл” заводдун сатып алуудан баш тартты.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Экономика министрлигинин департамент башчысы Болсунбек Казаков билдирди. Анын айтымында, аталган компаниянын адистери заводду калыбына келтирүүгө жараксыз деп тапкан. Казаков эми заводду сатуу үчүн австриялык инвестор каржылаган Riche.kg аттуу компания менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

"Кристалл" ишканасын 2010-жылы 7-апрелге чейинки 420 млн. сом карызы үчүн Мамлекеттик мүлк министрлиги банкрот деп жарыяланган. Заводдо мамлекеттин үлүшү жок. Буга чейин бир нече жолу аукцион жарыяланып, ишкананы сатып алууга кызыкдар инвестор чыккан эмес. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG