Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Сербияда кыргыз балбаны күмүш медал алды


Бул туурасында “Азаттыкка” Грек-рим күрөшү боюнча федерациянын президенти Арзыбек Кожошев билдирди.

42 кг. салмактагы Нурсултан Максатбеков финалдык күрөштө украиналык балбан Эмин Сафершаевди бир упай менен утуп, күмүш медал тагынды. Ошентип кыргызстандык балбандар грек-рим күрөшү боюнча 1 күмүш, эки коло медалдуу болду. Кечээ 50 кг. салмактагы Нусупбек Топчубаев менен, 100 кг. салмактагы Бексултан Махмудов коло медалга ээ болушкан. Бүгүн кыздар арасында жана эркин күрөш таймаштары башталат.

Сербиянын Зренянин шаарында 20-августта уландар арасында Дүйнө чемпионаты башталган. Анда грек-рим, эркин жана кыздар арасында күрөш таймаштарына Кыргызстандан жыйырмага чукул балбандар катышууда. Оюн 25-августта жыйынтыкталат.(AzK/KMa)

XS
SM
MD
LG