Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:58

Кытайда Бо Силайдын соту башталды


Кытайда компартиянын мурунку төбөлдөрүнүн бири Бо Силай пара алуу, коррупция, кызматынан кыянат пайдалануу деген беренелер боюнча айыпталууда.
Ал 2012-жылы жубайынын британиялык бизнесмен Нил Хейвудду өлтүрүүгө аралашканы ачыкка чыккандан кийин кызматынан алынып, партиядан чыгарылган. Бирок Бо Силайдын тарапкерлери ага тагылган айыптардын артында саясат турат деп эсептешет.

Чунцин шаарынын компартиясынын мурдагы катчысы, Кытай компартиясынын Борбордук комитетинин Саясий кеңешинин мурдагы талапкери Силай "күнөөлүү" деп табылса, өлүм жазасына же өмүрүнүн аягына чейин абакка олтурганга өкүм кылынышы ыктымал.

Кытайдын жаңы лидери Си Цзиньпин коррупция менен күрөштү негизги максат катары белгилеген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG