Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:13

“Достук” өткөрмө бекетинен 22 жаран өткөрүлдү


Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетинен кечээ 22 кыргызстандык Өзбекстанга өткөрүлдү. Бул тууралуу Турсунбек Акун кабарлады. Анын айтымында, өзбек чек арачылары менен сүйлөшүп, зарыл иши бар жарандарды өткөрүүгө көмөктөшкөн:

- Өзбекстанга өткөн жарандар арасында аябай зарыл иши бар, жакындары өтүп кеткен, Ташкент аркылуу башка өлкөлөргө уча турган адамдар бар экен. Ошолорду акыйткатчы катары өзбек чек арачылары менен сүйлөшүп, чек арадан өткөрдүк-деди Акун.

Бул маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынан тастыкташты. Бирок ал жарандардын өтүшүнө мурдатан эле уруксат берилгенин, Өзбекстанга өтүү үчүн талап кылынган документтери болгонун кабарлашты.

9-августан тарта Өзбекстан Оштогу "Достук" жана Кадамжайдагы "Кадамжай" өткөрмө бекеттерин жапкан. Ага ылайык, бул бекеттер аркылуу үчүнчү өлкөлөрдүн гана жарандары жана Өзбекстандан чакыруусу бар жарандарга өтүүгө уруксат берилген. Муну коңшу өлкө 1-сентябрда белгиленчү эгемендик майрамына карата деп түшүндүргөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG