Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

Франция соту Аблязовду коё берүү арызын канааттандырган жок


Франция соту казакстандык оппозиционер Мухтар Аблязовду күрөөгө коё берүү арызын четке какты. Мекенинде 6 миллиард доллар уурдаган деп айыпталып жаткан Аблязов июлдун этегинде, Украинанын ордери менен Франциянын түштүгүндө кармалган.

Анын адвокатынын билдиришинче, апелляциялык сот "Аблязов өз коопсуздугу үчүн бошотулбоого тийиш" деп чечти.

50 жаштагы олигарх президент Нурсултан Назарбаевдин сынчысы катары белгилүү. Ал 2009-жылы Казакстандан качып кеткен. Аблязов анын ишинин артында саясий себептер турат деп эсептейт.

Казакстандык оппозиционер Орусия жана Украина тарабынан да айыпталууда жана эки өлкө тең анын экстрадициясын талап кылышууда. Казакстандын Франция менен экстрадиция тууралуу келишими жок. Бирок Орусия жана Украина менен бар.

XS
SM
MD
LG