Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:35

Баткен: суу баскан шахтадан эки адамды издөө токтотулду


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, куткаруучулар жана жергиликтүү тургундардын 10 күнгө созулган издөө иштеринен майнап чыккан жок. Ошондуктан, шахта ичинде калган бир туугандар 36 жаштагы Сатар Абдрахманов жана 22 жаштагы Тажыбай Абдрахмановдун жакындарынын макулдугу менен издөө иштери кечээ кечинде токтотулду.

13-август күнү кечке жуук аккан селден Самаркандек айылындагы көмүр шахтасына суу толгон. Анда иштеп аткан беш кишинин экөө качып чыгып, үчөө шахта ичинде калган. Өткөн аптада шахта алдында калгандардын бири, 36 жаштагы Бакыт Айдаровдун сөөгү табылып, туугандарына берилген.

Былтыр Кызыл-Кыяда көмүр шахтасы урап, анын ичинде калган адамдын сөөгү табылбай калган эле.(JsA\BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG