Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Кара-Суу шаардык кеңешине төрт партия өттү


Кара-Суу шаардык кеңешине Социал-демократтар, “Өнүгүү”, “Бир бол” жана “Замандаш” партиялары 7 пайыздык чектен ашып, өттү. Бул тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы Замирбек Абдыжапаров билдирди. Анын айтымында, бейшембиде комиссия мүчөлөрү жыйынга чогулуп, шайлоо жыйынтыгын бекитишти.

Ага ылайык, Социал-демократтар шайлоочулардын 48 пайыздан ашыгын, “Өнүгүү” 29 пайыз, “Бир бол” 11 пайызга жакын жана “Замандаш” партиясы 7,3 пайыз добуш топтогон. Абдыжапаровдун айтымында, бул жыйынтык Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлдү. Алар жыйынтыкты талкуулап, андан соң бекитиши зарыл.

Буга чейин айрым партиялар шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын билдирип чыккан.

18-августта Кара-Суу шаардык кеңешине мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү. Ага 7 саясий партия катышкан. Добуш берүү жүрүшүндө Социал-демократтар партиясынын өкүлдөрү менен “Өнүгүү” партиясынын мүчөлөрү ортосунда чатак чыгып, ок атылган. Чатактан 3 адам жабыркап, бирөө ооруканада. Милиция окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, ок атты, бычак сайды делген эки кишини камакка алды.(BkA)

XS
SM
MD
LG