Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:09

Египет: Мурсинин тарапкерлери демонстрацияга камданууда


Египеттин бийликтен кулатылган президенти Мухаммед Мурсинин тарапкерлери аскерий жетекчиликке каршы нааразылык акцияларын жандантууга чакырууда.

Бүгүнкүгө белгиленген акциялар “Мусулман агайындарга” сыноо болорун байкоочулар билдирип жатышат. Өткөн апталардагы акцияларда 900дөн ашык адам каза болуп, кыймылдын лидери Мухаммед Бади камакка алынган.

Египеттин армия жетекчилиги 3-июлда президент Мухаммед Мурсини бийликтен кулаткан. Мурси учурда аскерлер тарабынын белгисиз жайда кармалып турат. Мурсинин тарапкерлери аскерий жетекчиликке каршылык билдирип, нааразылык акцияларын улантууда.

Бул жолку акция Египеттин мурдагы президенти Хосни Мубарактын түрмөдөн үй камагына которулганы үчүн уюштурулганы жатат. 85 жаштагы Хосни Мубарак 2011-жылы ыңкылапта жүздөгөн элдин өлүмүнө айыптуу деп табылып, өмүр бою түрмөгө кесилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG