Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:19

Бишкекте 149 кайырчы текшерилди


Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын кабарлашынча, 14-августтан тарта жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында 149 кайырчы текшерилди. Алардын ичинен 120сы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына алынып келген. Жолдо кайыр сурап жүргөн 29 киши менен авариялык абалды түзүүдөн оолак болуу туурасында профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Кайырчылардын арасында башка өлкөдөн келген 6 жаран өз мекенине депортацияланды. Балалуу 21 аял инфекциялык оорулар боюнча медициналык кароодон өткөрүлдү. Рейд иштери күнүгө мэрия жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан уюштурулууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG