Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:58

Cирия: жарандык согуш кесепети 1 млн. баланы тышка сүрдү


Бул жөнүндө Улуттар Уюму 23-августта билдирди. Эки жарым жыл мурда Сириядагы калаба башталгандан бери өлкөнү, эсептөөлөр боюнча, бардыгы 2 миллион адам таштап кеткен.

БУУнун Балдар кору жана Качкындар агенттигинин бүгүн маалымдашынча, дагы 2 миллион жаш балдар Сириянын өзүндө бозгун болуп жүрөт. Билдирүүдө чабуулга кабылганы же армияга жалдап алынганы, жашы 11ге толо элек 740 миң бала качкын экени белгиленет. Сириялыктардын көбү Түркия, Ливан, Ирак, Иордания жана Түндүк Африкага качып барган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG