Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Орус тилдүү гезиттер кыргызча жаза баштады


Орус тилдүү “Аргументы и факты Кыргызстан” гезити ушул тапта барактарына кыргыз тилиндеги макалаларды баса баштады.

Басылманын башкы редактору Александр Банниковдун “Азаттыкка” билдиришинче, мындай саамалык биринчи кезекте окурмандарды тартуу жана аларды мамлекеттик тилге кызыктыруу максатын көздөйт.

“Кыргыз президентинин “кыргыз тилди өнүктүрүү керек” деген сөзүнөн кийин биз да ойлонуп көрдүк. Бул саамалыкты колдогондор көп болууда. Ошол эле кезде орусиялык гезит орусча гана болуш керек дегендер да болду. Бирок “акылдуу гезит” окурмандарды тартуу үчүн ушундай кадамдарга да барышы керек”,-дейт ал.

“Аргументы и факты Кыргызстан” гезити - бул Орусиядагы “Аргументы и факты” гезитинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү. Кыргызстанда акыркы 1-2 жыл аралыгында бул гезиттен башка айрым орус тилдүү басылмалар, интернет сайттары дагы өз баракчаларын кыргызчалай баштаган. (AzK)

XS
SM
MD
LG