Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:46

Пан Ги Мун Сирия өкмөтүн кызматташууга үндөдү


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Сирия өкмөтүн апта башында Дамаскка чукул жерде химиялык курал колдонулду деген маалыматты текшерүүдө кызматташууга үндөдү. Пан Түштүк Кореядагы визити маалында химиялык куралдарды колдонуу эл аралык мыйзамдарды бузууга жатарын айтып, “Адамзатка каршы мындай кылмыш жасаган чыккынчыларга катаал чаралар колдонулушу керек” деди.

БУУнун Балдар кору жана Качкындар агенттиги Cириядагы жарандык согуш 1 миллион баланы тышка сүргөнүн билдирди. Кыргындын айынан акыркы эки жарым жылда эле 2 миллион адам мекенин калтырып кеткен. ЮНИСЕФтин өкүлүнө Ливандын Бекаа өрөөнүндөгү лагерде жашаган 8 жашар Ая деген сириялык кыз мындай дейт:

"Мен Сирияны сүйөм. Мен досторумду сүйөм жана эжелерим менен ойногонду жакшы көрөм. Биз чогуу велосипед тээп, куурчак ойночубуз. Таежелеримди да көрбөй калдым".

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG