Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Түндүк жана Түштүк Корея согуш бөлгөн адамдарды бириктирмек болууда


Түндүк жана Түштүк Кореянын дипломаттары 1950-53-жылдардагы Корей согушу кезде бөлүнгөн үй-бүлөлөрдү бириктирүү боюнча сүйлөшүү өткөрдү.

Сүйлөшүү бүгүн чек арадагы Панмунйон кыштагында болду. Расмий Пхеньян жакында үй-бүлөлөрдүн биригүүсү корейлердин сентябрда белгиленчү түшүм майрамы учурунда башталышы ыктымал деп билдирген. Акыркы ирет бөлүнгөн бүлөлөр 2010-жылы бири-бирин таап кошулган. 60 жыл мурдагы согуш маалында миллиондогон корейлердин үй-бүлөлөрү жана тууган-уруктары чек аранын эки жагында калган.

Үстүбүздөгү жылдын башында Пхеньян үчүнчү жолу ядролук бомбаны сынагандан кийин ага жооп кылып, Улуттар Уюму Түндүк Кореяга санкция жарыялаган. Ушундан кийин коммунисттик Корея Сеулду жана анын союздаштарын куралы менен коркутуп, катуу опузага алган.

XS
SM
MD
LG