Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:15

“Фридом Хаус” адвокаттарга кол салууну сындады


Эл аралык укук коргоо уюму бүгүн тараткан билдирүүдө, 20-август күнү Ош облустук сотунда болгон эки адвокатка кол салууну сындады.

Адвокаттар - Динара Медетова менен Кубан Жороев сот жараяны жүрүп жаткан кезде бир нече аялдын кол салуусуна кабылган. Буга жактоочулардын өзбек тектүү жаран Махамад Бизуруковдун укугун коргоп жатканы негиз болгон.

“Фридом Хаус” сот залындагы мындай ээнбаштыктар айыпталуучунун жана анын адвокаттарынын укугуна доо кетирерин белгилеп, алардын коопсуздугун сактоого Кыргыз өкмөтүн жана жергиликтүү укук коргоо органдарын чакырды.

Махамад Бизуруков 2010-жылдын июнунда киши колдуу болгон Алмаз Аскаровдун өлүмүнө шектелип, 2011-жылы кармалган. Анын иши боюнча буга чейин бир нече ирет сот жараяны өткөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG