Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:08

Сирия: АКШ аскер күчтөрүн даярдоодо


АКШ деңиз күчтөрүнүн айрым кемелерин Сириядагы мүмкүн делген аскердик чараларга даярдай баштады.

Бул тууралуу коргоо министри Чак Хэйгел билдирди. Анын айтымында, президент Барак Обама Пентагондон согуштук аракеттердин варианттарын иштеп чыгууну өтүнгөн. Айрым варианттардын “америкалык күчтөрдүн жайгаштырылышын” талап кылаары белгиленди. Министр аскерлер кайсы жерден тартылаарын, каякка жөнөтүлөөрүн тактоодон баш тартты. Ал АКШ Сирияда химиялык куралдын колдонулушу тууралуу маалыматтарды текшерип жатканын кошумчалады.

Ага чейин Обама химиялык курал пайдаланса, бул – “терең камтама жаратаарын” билдирген. Ошол чабуулдардын артында Сирия өкмөтүнүн турганы далилденсе, “абалга Америка көңүл бурууга тийиш”, - деген президент.

XS
SM
MD
LG