Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Роухани Сирияда химиялык курал колдонулганын айыптады


Ирандын президенти Хасан Роухани Сирияда химиялык куралдан адамдардын өмүрү кыйылганын айыптады. Жергиликтүү кабар агенттиктер президенттин “Тегеран химиялык куралдын колдонулганын “катуу айыптайт” деген сөздөрүн келтиришет. Бирок Роухани куралды ким пайдаланганын айткан жок.
Ирандын тышкы иштер министрлиги андай чабуулдар болгону дилилденсе, ал үчүн
козголоңчулар жооптуу болот деп билдирген.

Сирия оппозициясынын ырастоосунда, шаршембиде Дамасктын жанында өкмөттүк күчтөр уулуу газ колдонуп, 500дөн 1 миң 300гө чейин бейкүнөө киши набыт кеткен. Өкмөт болсо химиялык куралды пайдаланганын четке кагууда.

XS
SM
MD
LG