Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Боливиядагы абакта 30 киши каза болду


Боливияда түрмөдөгү кагылышуудан кеминде 30 киши мерт болду. Бул тууралуу Омбудсмендин кеңсеси билдирди.

Кечээ Санта-Крус шаарынын четиндеги күчөтүлгөн режимдеги абакта атаандаш эки топ мушташып, газ баллондорун колдонушкан. Натыйжада түрмөдө өрт чыккан. Бир нече киши тирүү бойдон күйүп кетти. Каза тапкандардын арасында бери дегенде бир бала болгону кабарланууда.

Ассошиэйтед Пресстин маалымдаганына караганда, Боливияда соттолгон ата-энелердин балдары менен кошо абакта жашаганы кеңири жайылган практика. Учурда Боливия бийлиги түрмөнү көзөмөлгө алганын билдирди.

XS
SM
MD
LG