Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:16

БУУ Ливандагы теракт боюнча декларация кабыл алды


БУУнун Коопсуздук кеңеши Ливандагы кош жардырууну айыптады. Бир добуштан кабыл алынган декларацияда айтылгандай, кеңеш суннилер үстөмдүк кылган Триполи шаарында, жума күнү мечиттин сыртында болгон терактты катуу айыптайт. Бул кол салуудан бери дегенде 42 киши каза тапкан, жүзгө жакыны жарадар болгон.

Коопсуздук кеңеши муну менен катар Ливандын элин “улуттук биримдикти сактоого”, кошуна Сириядагы кризиске аралашпоого үндөдү. Триполиге чейин өткөн аптада Бейруттун шииттер жашаган чөлкөмүндө дүрмөттөлгөн машина жарылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG