Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:45

Чек ара кызматы: 22 жаранга мурда эле уруксат берилген


22-август күнү Кара-Суудагы “Достук” өткөрмө бекетинен 22 жаран Өзбекстанга Турсунбек Акундун жардамы менен өткөрүлдү деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Турсунбек Акун 23-августта Ошто маалымат жыйын куруп, зарыл жумушу менен Өзбекстанга өтө албай турган 22 кыргызстандыкты өзбек чек арачылары менен сүйлөшүп, өткөрүүгө көмөктөшкөнүн билдирген болчу.

Мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдашкандай, ал жарандардын өтүшүнө мурдатан эле уруксат берилген. Кезеги келгенге чейин эле чек ара өткөрүү бекетинде турушкан.

9-августан тарта Өзбекстан Оштогу "Достук" жана Кадамжайдагы "Кадамжай" өткөрмө бекеттерин жапкан. Бул бекеттер аркылуу үчүнчү өлкөлөрдүн гана жарандары жана Өзбекстандан чакыруусу бар жарандарга өтүүгө уруксат берилген. Муну коңшу өлкө 1-сентябрда белгиленчү эгемендик майрамына карата деп түшүндүргөн. (SE)

XS
SM
MD
LG