Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Обама кеңешчилери менен Сириядагы кырдаалды талкуулайт


АКШ президенти Барак Обама Сириядагы мындан аркы кадамдарды талкуулоо үчүн коопсуздук боюнча кеңешчилери менен масилет курганы жатат. Шаршембиде Дамаск режими химиялык курал колдонгону тууралуу кабарлар тараган.

Ак үйдүн расмий өкүлү билдиргенине караганда, Вашингтон бир нече мүмкүнчүлүктү караштырууда. Обама чалгындоо кызматына Сирия өкмөтүнүн химиялык куралды колдонуп же колдонбогонун далилдеген фактыларды чогултуу тапшырмасын берди. Си-Эн-Эн каналындагы интервьюсунда президент оппозициянын дооматтары чын болуп чыкса, “абалга Америка көңүл бурууга тийиш” деген.

Сирия оппозициясынын ырастоосунда, шаршембиде Дамасктын жанында өкмөттүк күчтөр уулуу газ колдонуп, 500дөн 1 миң 300гө чейин бейкүнөө киши набыт кеткен. Өкмөт болсо химиялык куралды пайдаланганын четке кагууда.

XS
SM
MD
LG