Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Кырсыкка кабылган унаадагы эки адамдын сөөгү табылды


Бишкек-Ош жолунда кырсыкка учурап, Кара-Суу дарыясына түшүп кеткен унаадагы эки адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 21-август түнү Бишкек-Ош жолунун 373-чакырымында “Тойота-Королла” үлгүсүндөгү автоунаа Кара-Суу дарыясына түшүп кеткен. Ага айдоочунун рулду башкара албай калганы себеп болгон. Кырсыктан бир адам жабыркап, жети киши каза болгон. Мерт болгондордун үчөө милиция кызматкерлери тарабынан Кара-Көл шаардык ооруканасынын өлүкканасына, жабыркаган 36 жаштагы бир аял ошол эле ооруканага жеткирилген.

Дарыядан крандын жардамы менен автоунааны чыгаруу маалында анын ичинде калган төрт адамдын сөөгү сууга агып кеткен. Ишембиде издөө иштеринин жүрүшүндө 5 жаштагы Айдар Маматаипов жана 63 жаштагы Пазилат Балбыкованын сөөгү табылды. Калган эки адам изделип жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG