Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:19

Каирде Хосни Мубарактын соту башталды


Египеттин мурдагы президенти Хосни Мубарак бүгүн кайрадан Каир сотуна барды. Ал 2011-жылдагы элдик көтөрүлүш учурунда демонстранттардын өлүмү үчүн айыпталууда. Аскердик госпиталда жаткан 85 жаштагы экс-президент сотко тик учак менен жеткирилди. 3 күн мурун Мубарак соттун чечими менен үй камагына койо берилген.

Ал эми "Мусулман агайыңдар" уюмунун жетекчиси Мухаммед Бадинин соту октябрдын этегине жылдырылды. Бади жана анын эки орун басары коопсуздук себептеринен улам сотко келе албай калышканы кабарланууда. Алар президент Мухаммед Мурси кулатылаардын алдында болгон зомбулукка тукурушкан деп күнөөлөнүп жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG