Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Ооганстандын президенти АКШдан компенсация талап кылды


Ооганстандын президенти Хамид Карзай былтыр америкалык жоокердин чабуулунан каза тапкан адамдардын жакындарына жана аман калгандарга компенсация төлөп берүүнү АКШдан талап кылды.

23-августта армиянын сержанты Роберт Бэйлс өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды. Аскердик трибунал аны өткөн мартта Кандагар вилаетинде куралсыз карапайым 16 ооганды өлтүргөндүгү үчүн айыптуу деп тапты. Июнда 40 жаштагы Бэйлс өлүм жазасына тартылбаш үчүн күнөөсүн мойнуна алган.

Хамид Карзай АКШ жапа чеккен үй-бүлөлөргө жардам берүүгө тийиш деп билдирди. Аман калгандар "адилеттүүлүк орногон жок, Бэйлс өлүм жазасына өкүм кылынышы керек эле" деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG