Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:08

Сирия БУУнун инспекторлоруна химиялык курал колдонду делген жайларга барууга уруксат берди


Сирия өкмөтү БУУнун инспекторлоруна химиялык курал колдонулган делген жайларга барууга уруксат бергенин маалымдады.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө макулдашуу 25-августта борбор шаар Дамаскта Сирия өкмөтү жана Бириккен улуттар уюмунун куралсыздануу боюнча жогорку өкүлү Анжела Кэйн ортосунда жетишилгени айтылат.

Министрлик белгилегендей, келишим күчүнө дароо кирүүдө жана ушул тапта Сирияда жүргөн текшерүүчүлөргө тиешелүү.

Оппозициянын активисттери 21-августтагы чабуулдан жүздөгөн жайкын киши мерт кеткенин ырастоодо.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG