Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:05

Ысык-Көл: Кара тумоо кабары ырасталды


Бул тууралуу “Азаттыкка” жекшембиде, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Төлө Исаков кабарлады. Анын айтымында, 22-августта Ысык-Көлдө каза болгон 15 жаштагы өспүрүмдөн алынган анализдердин алдын ала жыйынтыктары анын кара тумоо же бубон чумасынан каза болгонун көрсөтүп жатат. Буга байланыштуу Ак-Суу районундагы Ичке-Жергез айылына, Кашка-Суу жайлоосуна карантин жарыяланды.

- Алдын ала жыйынтыктар боюнча бубон кара тумоосу деп айтылып жатат. Дүйшөмбүдө акыркы жыйынтык айтылат. Муну тери же бубон формасындагы кара тумоо деп коёт. Бул жугуштуу эмес. Ошондуктан дүрбөлөң түшүүгө эч кандай негиз жок.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, өспүрүмдүн жанында болгон 102 адам аныкталды. Алардын 19у жергиликтүү дарыгерлер. Бул окуя боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов жетектеген республикалык штаб бүгүн түштөн кийин атайын маалымат берет.

22-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык ооруканасында эртең мененки саат сегизде 15 жаштагы өспүрүм эти ысып ооруп кайрылган. Ал чума оорусуна шектелип, реанимация бөлүмүнө которулган. Көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан бала көз жумган. Өспүрүм Кашка-Суу жайытынан Ичке-Жергез айылына келгенде 17-августта ооруп калган. Жергиликтүү дарыгерлер ал чумадан каза болушу мүмкүн деп шектенип, тиешелүү анализдерди алышкан. Бул боюнча атайын республикалык штаб түзүлүп, жугуштуу оору очоктору көзөмөлдөнө баштаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG