Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:22

Орусия: Алексей Навальный кыска мөөнөткө кармалды


Москвада оппозициячыл саясатчы, Москва мэрлигине талапкер Алексей Навальныйды жекшембиде полиция кыска мөөнөткө кармап, андан соң коё берилди. Ал Сокольники районунда шайлоочулары менен жолугуп жаткан учурда кармалган. Полиция өкүлдөрү Навальныйды массалык чогулуштарды өткөрүүдөгү мыйзам бузууга байланыштуу түшүндүрмө берип, кайра коё берилгенин тастыкташты. Навальныйдын штабындагылар буга 8-сентябрга белгиленген шайлоодон оппозициячыл саясатчыны четтетүү аракети катары баалашты.

Орус президенти Владимир Путиндин элдешкис сынчысы Алексей Навальный өткөн айда Киров облусунда губернатордун кеңешчиси болуп турган чакта жарым миллион долларлык мүлктү уурдаган деген айып боюнча күнөөлүү деп табылып, беш жылга кесилген. Ал өзү айыпты толугу менен четке кагып келет. Бирок аны азыр шайлоого катышуу укугунан ажыратпаш үчүн камашкан жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG