Азия Тынч океан көрсөтүүлөр союзу, Коомдук телерадио корпорациясы жана НТС каналы биргелишип уюштуруп жаткан форум санариптик көрсөтүүлөргө арналат. Форумга Түштүк-Азия, Жакынкы Чыгыш, Борбордук Азия жана Батыш Европадан 150 жакын өкүл катышмакчы. Анда санариптик көрсөтүүлөргө өтүүгө даярдык, көйгөйлөр, телеканалдар ортосундагы мазмундук байланыш, тажрыйба алмашуу маселелери талкууланат. Форум 28-августка чейин уланат.(BkA)