Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

БУУнун эксперттери Дамасктын айласындагы жайларды текшерет


Бүгүн БУУнун инспекторлору Дамасктын айланасындагы химиялык курал колдонулду делген жайларды текшере баштайт. Сирия өкмөтү бул жайларды текшерүүгө 25-августта уруксат бергени маалымдалган. Бирок АКШ жана Британиянын өкүлдөрү Сирия бийлигинин эл аралык коомчулукта ишенимине ээ болуу аракети үчүн абдан кеч болуп калганын билдирип чыкты.

Оппозициянын активисттери 21-августтагы чабуулдан жүздөгөн жайкын киши мерт кеткенин ырастоодо.

Дамаск өкмөтү газ чабуулу тууралуу дооматтарды четке кагып, аны козголоңчулардын чагымы катары баалап жатат.

Ал ортодо "Чек арасыз дарыгерлер" эл аралык уюму Дамаск жанындагы ооруканаларда көз жумган 355 кишиде жана 3 миң 600дөй бейтапта нейротоксикалык белгилер аныкталганын билдирип, муну уулуу газ чабуулу менен байланыштырды.

XS
SM
MD
LG