Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

Ак-Суу: 22 адам кара тумоого каршы эмделди


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Кара тумоодон көз жумган Т. Исакунов аттуу өспүрүм Кашка-Суу участогунда мал багуучу болуп иштегени маалым болду. Бүгүнкү күндө Кашка-Суу участогунда 22 адамга кара тумоого каршы вакцина сайылды.

Булардан башка Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылында 758 адам текшерилип, оорунун белгилери байкалган эмес. Каза болгон өспүрүм менен карым-катышта болгон айылдын 17 тургуну жана ооруканадагы 88 адам жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.

Учурда Оттук айылына барчу Каракол-Турген-Эңилчек унаа жолунун 36 жана 110-чакырымында, Башарын жайлоосунда жана Ичке-Жергез айылында карантиндик бекеттер коюлуп, жол каттамы жабылды.

22-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык ооруканасына таңкы саат сегизде дене табы көтөрүлгөн 15 жаштагы өспүрүм кайрылган. Кара тумоодон шектенген дарыгерлер аны реанимация бөлүмүнө которгон. Өспүрүм ошол эле күнү көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан көз жумган. Ушундан кийин тиешелүү анализдер алынып, өспүрүмдүн кара тумоого (бубон чумасына) чалдыкканы тастыкталды. Учурда бул боюнча түзүлгөн республикалык штаб маселени талкуулоодо. (JAk)
.

XS
SM
MD
LG