Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:13

Кара тумоодон көз жумган өспүрүм жерге берилди


Кара тумоо менен ооруганы аныкталып, каза тапкан өспүрүм 25-августта жерге берилди. Аны жерге берүүдө бардык эл аралык санитардык эрежелер сакталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, эгер ооруган бала дарыгерлерге эрте кайрылганда, аны сактап калууга мүмкүн болмок.

Кыргызстанда кара тумоо илдети 1981-жылдан бери катталган эмес. Бирок өткөн жылы Ак-Суу районунда бул ооруну алып жүргөн жапайы жандыктар аныкталган.

Кара тумоону кемирүүчү жаныбарлардан башка майда чымындар, кененин айрым түрлөрү да алып жүрөт. Ал кара тумоонун таякчалары аркылуу жугат. Кара тумоону ооруган малдын терисин иштетүүдө, этин жегенде жана сүтүн ичүүдө жуктуруу коркунучу бар. (ZB/МТо)

XS
SM
MD
LG