Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:37

Башар Асад: химиялык курал колдонулган эмес


Сириянын президенти Башар Асад Батыштын химиялык куралдын жарандык согушта колдонулушу боюнча айыптоолордун саясий себеби бар деп билдирди.

Бүгүн Орусиянын “Известия” гезитине берген маегинде Асад Сириядагы кырдаал “элдик революция эмес, реформаларды талап кылуу эмес, бул – террорчулук” деп айтты. Асад ошондой эле АКШ тараптан аскердик кийлигишүү болсо, аларды жеңилүү күтүп турганын эскертти.

Орусия Вашингтондун конфликтке кийлигишүү боюнча ниетине терең кооптонуу билгизди. Телефон аркылуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри сүйлөшүп, Лавров Вашингтондун бул кадамы Сирия боюнча эл аралык конференцияны өткөрүүгө кеткен бүт эмгекти жокко чыгараарын кошумчалады.

Бүгүн Бириккен улуттар уюмунун инспекторлору Дамакстан анча алыс эмес жайгашкан, химиялык курал колдонулду деген жерге барат.

«Чек арасыз дарыгерлер» уюмунун маалыматы боюнча, Дамасктагы ооруканаларда 335 адам каза тапты. Алар өткөн шаршембиде нейротоксикоз деген диагноз менен ооруканага жаткырылган эле. (AiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG