Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:42

Ооган президенти Пакистанда


Пакистанда расмий сапарда жүргөн ооган президенти Хамид Карзай талибдер менен тынч диалог курууга көмөктөшүүгө чакырды.

Ошондой эле Карзай Пакистандын премьер-министри Наваз Шарифтен түрмөдө отурган талибдердин бир канча таасирдүү талаа командирлерин бошотууну сурашы күтүлүүдө. Алар Кабул менен сүйлөшүүдө жардам бериши керек.

Ишемби күнү ооган лидери Исламабадга жасаган сапары ийгиликтүү болоруна ишенерин жарыялаган. Ушул жылдын июнь айында бийликке келген Наваз Шариф Ооганстандын ишине кийлигишпөө боюнча жаңы саясатты жарыялаган эле. (AiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG